Орусия: 28 жаштагы кыз чумадан каза болду
Орусиянын Иркутск облусунда 28 жаштагы бойдок кыз 2-октябрга караган түнү чума оорусунан каза болду. Өлүмдүн себебин Бурятиянын башчысы Алексей Цыденов тастыктады.
Өзгөчө коркунучтуу инфекция аныкталгандан кийин медициналык мекемеде бир нече бөлүмдөрдө бейтаптарды кабыл алуу жана чыгаруу токтотулуп, стационар карантинге жабылды.
Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, каза болгон кыз менен байланышта болгон 197 адам аныкталган. Алардын ичинен 189у ооруканага жаткырылды, анын ичинде 12 адам чумага каршы институтка жөнөтүлдү.
Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев байланышта болгон адамдардан оорунун белгилери табылбаганын, лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы терс чыкканын билдирди. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кызматы эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүүдө.
Буга чейин ЖМКлар кыз ооруну Бурятияга болгон иш сапары учурунда жуктуруп алышы мүмкүн экенин кабарлашкан. Цыденов бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, каза болгон кыз республикага келген эмес, ал эми жуктуруу булагы Бурятия менен байланыштуу эмес.
Орусияда чума менен адамдын ооруганы буга чейин 2016-жылы Алтай Республикасында катталган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

