Кара тумоо боюнча эмнелер белгилүү?
Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Орусиянын Иркутск облусунда кара тумоо дарты катталганы боюнча маалыматка байланыштуу борбор оорунун жугуу жолдорун, белгилерин жана алдын алуу чараларын эскертти.
Илдет инфекция алып жүргөн бүргөлөрдүн чагуусунан, жапайы жаныбарлардын, өзгөчө суурлардын терисин сыйруу учурунда, ошондой эле оорулуу жаныбарлардын жакшы бышырылбаган этин жегенде жугушу мүмкүн. Кара тумоонун өпкөдөгү формасы менен ооруган адам жөтөлгөндө же чүчкүргөндө инфекция тарашы ыктымал.
Оору капыстан башталат. Белгилеринин арасында калтыроо, дене табынын 40 градуска чейин көтөрүлүшү, лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу жана оорушу кирет. Өпкөдөгү формасында жөтөл пайда болуп, көкүрөк ооруп, дем алуу кыйындашы мүмкүн. Абал тез начарлап кетиши ыктымал, андыктан медициналык жардамды өз убагында алуу маанилүү.
Кара тумоого шек жаралган учурда оорулууну өзүнчө бөлмөгө жайгаштыруу, байланышты чектөө, анын жеке буюмдарын жана азыктарын бөлмөдөн чыгарбоо сунушталат. Жакынкы медициналык уюмга телефон чалып, дароо кабарлоо жана адистердин сунуштарын аткаруу зарыл.
Борбор илдетти алдын алуу үчүн жарандарды өлгөн жапайы жаныбарларга жакындабоого жана алар тууралуу тиешелүү кызматтарга кабарлоого, суурларга аңчылык кылбоого, алардын этин ажыратпоого жана жапайы жаныбарлардын этин жебөөгө чакырды. Ошондой эле жаратылышта жүрүп келгенден кийин колду жууп, турак жайды кемирүүчүлөрдөн жана курт-кумурскалардан тазалоо сунушталат.
Тобокелдик жогору жерлерде кара тумоого каршы эмдөө алуу боюнча дарыгер менен кеңешүү керек. Аймакта инфекция аныкталган учурда медициналык жана санитардык кызматтардын айткандарын так аткаруу зарыл.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

