Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды
Кыргызстанга сасык тумоого каршы вакциналар алып келинди жана алар бардык аймактарга бөлүштүрүлдү. Бишкектин үй-бүлөлүк медицина борборлорунда эмдөө башталды, деп билдирди Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкармалыгынын жетекчиси Динара Оторбаева радио эфирде.
Анын айтымында, биринчи кезекте тобокелдик тайпасындагы адамдар бекер эмделет:
- өнөкөт оорулары бар жарандар;
- кош бойлуулар;
- тез-тез ооруган кичинекей балдар;
- медицина кызматкерлери;
- 65 жаштан жогорку курактагы адамдар.
Оторбаева эмдөө оорунун оор өтүү жана кыйынчылыктар коркунучун азайтууга багытталганын түшүндүрдү.
«Бул адам таптакыр оорубайт дегенди билдирбейт, бирок оору жеңил өтүшү мүмкүн», - деди ал.
Башка каалоочулар эмдөө жүргүзүүгө уруксаты бар жеке менчик клиникаларда акы төлөө негизинде эмдөөдөн өтө алышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

