"Бишкек Аренада" алгачкы футболдук беттеш качан болот?

Жаңы «Бишкек Арена» стадионундагы биринчи футбол беттеши кийинкиге жылдырылышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медер Сыдыков «УТРК Спорт» каналынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, биринчи оюнду 2027-жылдын март айында өткөрүү пландалууда.

«Мындан бир жыл мурда бизден жаңы стадиондо биринчи беттешти качан өткөрүүнү пландап жатканыбызды сурашкан. Биз 2027-жылдын мартын сунуштаганбыз», - деди ал.

Анын айтымында, биринчи оюн ФИФАнын 2027-жылдын 22–30-март күндөрүнө пландалган.

«18-октябрдагы концерттен кийин газон төшөө иштери башталат. Жумуштар заманбап технологиялар менен жүргүзүлөт, бирок жумуштун темпине жана аба ырайынын шарттарына жараша болот. Эгер газон тез тамыр алып кетсе, анда биринчи оюнду план боюнча 2027-жылдын мартында өткөрөбүз. Бул маселе ноябрь айында чечилет. Эгер жетишпей калсак, анда биринчи оюнду июнь айына жылдырабыз», - деп кошумчалады Сыдыков.

2027-жылдын июнь айындагы ФИФАнын терезеси 7–15-июнга пландалган.

«Бишкек Аренанын» расмий ачылышы 5-октябрда өттү. Стадион 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз