“Datka Fest-2026” салтанат менен ачылды
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2024-жылы кыргыздын көрүнүктүү уулу, тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата спорттун 11 түрү боюнча облустук деңгээлде мелдештерди өткөргөн болчу. Бул традиция өткөн жылы улантылып, Алайдын Калама жайлоосунда КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөрүлгөн чоң мааракеде улуттук спорттун 7 түрү менен мелдештер уюштурулган. Андан кийин спорттун олимпиадалык жана олимпиада эмес10 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жалпысынан алганда өткөн жылы “Алымбек Датка” мелдешине спорттун 17 түрү боюнча мелдештер уюштурган.
Бул салт быйылкы жылы да улантылып, 7-октябрда Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорт залында эл аралык деңгээлдеги мелдеш “Datka Fest-2026” аталышы менен салтанат менен ачылды. Анда Алымбек Датканын урпактары, Гүлчө шаарынын мериясыны башчысы жана ардагер спортмендер чыгып сүйлөшүп, спорттун олимпиадалык улуттук жана олимпиадалык эмес 22 түрү боюнча өткөрүлүп жаткан мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалашты.
Алар федерациялар менен биргеликте кызуу даярдык көрүп, уюштуруу жумуштарын талаптагыдай уюштурган Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчилигине ыраазылык билдиришип, мелдеш жогорку деңгээлде өтө тургандыгына ишеним артышты.
Республиканын бардык облустарынан жана коңшулаш өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык спортсмендер катышкан бул эл аралык деңгээлдеги мелдештер 1-ноябрга чейин улантылып, жеңүүчүлөргө медалдар, кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.
Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды.
Төлөнбай Абдыразаков.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

