Кыргызстандын коргоочусу Александр Мищенко оор жаракат алды
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жана «Дордой» клубунун коргоочусу Александр Мищенконун шыйрагынын эки сөөгү сынды.
Окуя 25-турдун алкагындагы «Өзгөн» командасына каршы өткөн беттеште (2:3) болгон.
Оюндун 64-мүнөтүндө эсеп 3:1 болуп турганда Мищенко топту тартып алууга аракеттенген жана Жахонгир Кушаков менен кагышкан.
Эки оюнчу тең жыгылып, медициналык кызматкерлердин жардамы менен талаадан чыгарылган.
«Дордой» футбол клубунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Мищенконун бир бутунун эки сөөгү тең сынган.
Оюнчу алмаштырылганына карабастан, башкы калыс Эрланбек Осмонов ага сары айып кагазын көрсөткөнгө үлгүргөн.
Мындай жаракаттан кийин калыбына келүү орточо 4 айдан 6 айга чейин созулат. Ал эми Азия кубогуна 3 ай калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

