Кыргызстандык спортчу АКШдагы мелдеште 3 кур утту
Кыргызстандык спортчу Дархан Эргешов АКШда өткөн грэпплинг жана жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиондугунда үч чемпиондук курду жеңип алды.
«NAGA World Grappling & BJJ Championship» турнири 10-октябрда Лос-Анжелесте (Калифорния штаты) өттү.
NO-GI (кимоносуз) тартибинде мастерлер арасында (30 жаштан улуу) 86,1 кг чейинки салмак категориясында кыргызстандык спортчу эки беттеш өткөрдү. Алгач ал Дагестандын (Орусия) өкүлү менен күч сынашып, финалда америкалык спортчуну жеңип алды.
GI (кимоно менен) тартибинде кызгылт көк курлар арасында 86,1 кг чейинки салмакта эки гана спортчу катталган. Эргешов жана америкалык Ганнер Тиллема эки беттеш өткөрүштү. Кыргызстандык экөөнү тең утуп, чемпиондук курду жеңип алды.
Ошондой эле Эргешов кызгылт көк кур тагынган спортчулар арасында кимоно менен (Gi) күрөштө абсолюттук салмак категориясында чыкты, бул салмакта да эки спортчу катталган болчу. Кыргызстандык АКШлык Кеннит Тиллема-Хоуэллди жеңип, үчүнчү чемпиондук курду утуп алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

