"Жалал-Абад-Бек" - волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиону аталды

«Жалал-Абад-Бек» командасы волейбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Улуттук лиганын жыйынтыктоочу үчүнчү туру 9-11-октябрда Ош шаарында эки турдун жыйынтыгы боюнча тандалган төрт мыкты команданын катышуусунда өттү.

Чечүүчү турда командалар өз ара бир жолудан ойношту.

«Жалал-Абад-Бек», «Кара-Суу» жана ИИМдин Аскердик бөлүктөрү бирден жеңишке жетишип, бирден жеңилүү ызасын тартышты жана бирдей упай топтошту. Жеңүүчүнү кошумча көрсөткүчтөр боюнча аныктоого туура келди.

«Жалал-Абад-Бек» уткан партиялар боюнча 1-орунду ээлеп, өлкө чемпиону болду.

Экинчи орунду өткөн сезондо чемпион болгон «Кара-Суу» командасы алды.

Үчүнчү орун ИИМдин Аскердик бөлүктөрүнө буюрду.

Коргоо министрлигинин «СКА» командасы 4-орунду ээледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз