"Ак шумкарлардын" ноябрдагы оюндары белгилүү болду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын ноябрь айындагы оюндарынын жүгүртмөсү белгилүү болду.

Эл аралык беттештер 9-17-ноябрга пландалган.

Кыргызстандын курама командасы бул мезгилде Вьетнамга окуу-машыгууга барат, ал жерде «VFF International Friendly Cup 2026» мелдешине катышат. Мелдеште Вьетнам, Кытай Тайбэйи жана Кыргызстандын курама командалары өз ара бир жолудан ойношот.

Оюндар 11, 13 жана 15-ноябрда Намдинь шаарындагы «Тхиенчыонг» стадионунда өтөт.

Оюндардын жүгүртмөсү

Биринчи тур, 11-ноябрь

18:00 Вьетнам - Кытай Тайбэйи

Экинчи тур, 13-ноябрь

18:00 Кытай Тайбэйи - Кыргызстан

Үчүнчү тур, 15-ноябрь

18:00 Вьетнам - Кыргызстан

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз