Сезим Жуманазарова турмушка чыгат
Спортчу Сезим Жуманазаровага жигити турмушка чыгуу сунушун айтты. Бул тууралуу балбан кыз социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Жуманазарованын болочок жолдошунун аты — Илгиз. Комментарийлерде ал дагы спортчу экенин жазып жатышат.
Турмушка чыгуу сунушу Дубай шаарында жасалган.
Сезим Жуманазарова Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү. Ал жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунун, ошондой эле кадеттер жана жаштар арасындагы Азия чемпионаттарынын байге ээси болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

