Кыргыз балбаны Барсбек Асанкожоев АКШдагы дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Барсбек Асанкожоев АКШда өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи.

23 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир ушул күндөрү Лас-Вегас шаарында (Невада штаты) өтүүдө.

Асанкожоев 55 кг чейинки салмак категориясында катышып, Түркия жана АКШнын балбандарын ишенимдүү жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Грузиянын спортчусуна утулган.

15-октябрга караган түнү кыргызстандык балбан коло медаль үчүн килемге чыгып, Казакстандын өкүлү Арсен Жума менен күрөштү. Казакстандык спортчу туше ыкмасы менен жеңишке жетип, коло медаль тагынды.

Жыйынтыгында Барсбек Асанкожоев 5-орунду ээледи.

Турнирдин биринчи күнүндө Кыргызстандын курама командасы эки коло медаль жеңген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз