Юдахин Догдурбек уулу дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык Юхан Догдурбек уулу АКШда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.

23 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир ушул күндөрү Лас-Вегас шаарында (Невада штаты) өтүүдө.

Догдурбек уулу 61 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/8 финал баскычынан баштады.

Ал Өзбекстан, Кытай жана Армениядан келген атаандаштарын жеңип, финалга чыкты.

Финалдык беттеш 18-октябрда эртең менен өттү, кыргызстандыктын атаандашы АКШнын өкүлү болду.

Алты мүнөттүк күрөштүн жыйынтыгында америкалык спортчу 4:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду. Догдурбек уулу 2-орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болду.

Бул Кыргызстан үчүн аталган турнирдеги үчүнчү медаль болду. Буга чейин Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы эки коло утуп алган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз