Ырысбек Тиленов «RIZIN» лигасындагы экинчи беттешин өткөрөт

Кыргызстандык мушкер Ырысбек Тиленов (8-1) «RIZIN» жапон лигасында экинчи беттешин өткөрөт.

22 жаштагы кыргызстандык 8-ноябрда Фунабаси шаарында өтө турган «RIZIN 55» турнирине катышат. Анын атаандашы Жапониянын өкүлү Наоки Иноуэ (21-5) болмокчу.

29 жаштагы жапониялык мушкер өз карьерасында «UFC′де» эки беттеш (1-1) жана PFL′де бир беттеш өткөргөн.

Муну менен бирге Иноу 2024-жылы «RIZIN′дин» эң жеңил салмактагы (61 кг чейин) чемпиондук наамын жеңип, аны эки жолу ийгиликтүү коргоп калган.

Ал эми Тиленов 17-июлда Хиросима шаарында «RIZIN′дин» «LANDMARK 15» турниринде дебют жасаган. Анда ал Жапониянын өкүлү Шинобу Ота (8-6) менен беттешип, экинчи раундда нокаут менен жеңишке жеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз