Азия Параоюндары: Айбийке Уланбек кызы алтын утту
Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия Параоюндарында алтын медалдын ээси болду.
Ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда жапониялык Юуй Фуживараны 1:0 эсебинде жеңген. Финалдык беттеште Индиянын өкүлү Кокиланы 1:0 эсебинде утуп, Азия Параоюндарынын чемпиону аталды.
Мелдештер 24-октябрга чейин уланат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

