Дерия Даян карате боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси

Кыргызстандык спортчу Дерия Даян Польшада өткөн жаштар арасындагы карате боюнча дүйнө чемпионатында 3-орунду ээледи.

WKF версиясы боюнча кадет, өспүрүм жана жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 14-18-октябрда Бельско-Бяла шаарында өттү.

Даян 16-17 жаштагы спортчу кыздардын арасындагы мелдеште «Кумите» дисциплинасы боюнча 66 килограммдан жогорку салмак категориясында чыкты, анда жалпысынан 44 спортчу кыз катталган.

Кыргызстандык адегенде Латвиянын өкүлүн жеңип, андан кийин Босния жана Герцеговинадан келген спортчу кызды утту, бирок андан кийин мисирлик кызга утулуп калды.

Коло медаль үчүн жубатуучу беттеште Даян адегенде Испаниядан келген спортчу кызды жеңип, 3-орун үчүн беттеште италиялык кызды 2:0 эсебинде жеңип алды.

Бул мелдешке Кыргызстандан жалпысынан 15 спортчу катышты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз