Эрбол Атабаев жаңы клубу үчүн дебют оюнунун өткөрдү
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Эрбол Атабаев Хорватия чемпионатында дебют жасады.
25 жаштагы футболчу жайкы трансфердик терезе учурунда «Мурас Юнайтед» клубунан Загребдин «Локомотив» командасына өткөн.
17-октябрда Атабаевдин жаңы командасы өз талаасында Хорватия чемпионатынын 10-турунун алкагында «Истра 1961» клубун кабыл алып, 2:0 эсебинде жеңишке жетти.
Кыргызстандык футболчу бул оюнда биринчи жолу команданын беттешке катыша турган оюнчуларынын тизмесине киргизилген. Бирок беттешти алмаштыруучу оюнчулардын катарында баштаган.
Атабаев 90+1-мүнөттө №18 номурлуу футболкасы менен талаага чыгып, «Локомотив» клубунун курамында дебют жасады.
Загребдик команда сегиз оюндан бери жеңишке жете албай келген. Бул жолку жеңишине карабастан, клуб турнирдик таблицада жетинчи орунда калды.
Эми кыргызстандык футболчунун командасы 24-октябрда акыркы орунда турган «Горица» клубу менен беттешет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

