Дагы бир кыргыз мушкери «Octagon 93» туниринде мушташат

Кыргызстанда өтө турган «Octagon» лигасынын турниринде дагы бир беттештин катышуучулары белгилүү болду.

«Octagon 93» турнири Бишкекте 10-ноябрда өтөт.

Кыргызстандык Эржан Жанышбек уулу (7-0) тажикстандык Фазлиддин Мадрахимовго (18-6-1) каршы мушташат.

23 жаштагы кыргызстандык буга чейин «Colosseum MMA», WEF, «Shumkar Pride», «Gorkhali Championship Fight Night», «ONE Friday Fights» жана «Majestic Pride Fight Night» лигаларынын турнирлеринде мушташкан.

Турнирдин кошумча башкы беттешинде казакстандык Данияр Онгар (12-3) жана тажикстандык Муиб Гулобов (9-4) беттешет. Беттеш 5 мүнөттөн 5 раундга эсептелген, анда казакстандыкка таандык болгон лиганын жарым жеңил салмактагы чемпиондук титулу талашка коюлат.

Турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык Марсел Нурланбек уулу (16-0) BMF убактылуу титулу үчүн мушташат. Анын атаандашы казакстандык Мырзабек Абылай (7-2) болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз