Трамп: АКШ Украина менен украиналык электр станцияларын башкаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат
АКШ Украина менен америкалык компаниялардын украиналык электр станцияларын башкаруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат. Бул тууралуу Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп министрлер кабинети менен жолугушуу учурунда билдирди, деп маалымдайт Reuters.
Трамптын айтымында, жакын арада АКШ менен Украина пайдалуу кендер боюнча келишимге кол коё турганын күтүп жатат. Азыр Киев менен Вашингтон аймактык маселени жана мүмкүн болгон чек ара сызыктарын талкуулап жатышат.
«Учурда биз аймак тууралуу сүйлөшүп жатабыз. Биз чек ара сызыктарын, энергетиканы жана электр станцияларына ээлик кылууну талкуулап жатабыз. Кээ бирөөлөр электр станциясы Америка Кошмо Штаттарына тиешелүү болушу керек деп айтышат… анткени бизде атомдук электр станцияларын башкаруу тажрыйбасы бар», — деди Трамп.
Ал кайсы атомдук электр станция тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок, бирок талкуу «чоң атомдук электр станциясына ээлик кылуу укугу» тууралуу экенин белгиледи.
23-мартта Эр-Рияд шаарында Украина менен АКШнын делегациялары жолугушту. Украин тарап сүйлөшүүлөр энергетикалык коопсуздук жана инфраструктура объектилерин коргоо боюнча сунуштарга арналганын билдирди. 24-мартта АКШ менен Россия Сауд Арабиясында сүйлөшүүлөр өткөрүштү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.