Ысык-Көл облусу Баткенди жеңди

Бүгүн, 21-октябрь күнү Ош шаарындагы “Төлөйкөн” ат майданында  көк бөрү боюнча республикалык чемпионат башталды. 

Ага 6 команда катышууда. Алар: Ош облусу, Ош шаары, Баткен облусу, Чүй облусу, Ысык-Көл, Талас облусу командалары. 

Чүчү кулактын негизинде 6 команда А жана В тобуна бөлүнгөн.  

А тобунда Талас, Ош шаары, Ош облусу командалары жайгашкан болсо, В тобунда Ысык-Көл, Чүй, Баткен облусу командалары жайгашты. 

Алгач Ош облусу менен Ош шаары командалы ойноп, Ош облусунун командасы 9:3 эсебинде Ош шаарынын командасын утту. 

Андан соң В тобунун эки командасы - Ысык-Көл облусу менен Баткен облусу ойноп, 3 таймдын жыйынтыгы менен Ысык-Көл облусу 18:10 эсебинде Баткенди утуп алды

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз