"Барс" клубу башка клубдарга салыштырмалуу чемпион болууга жакын
21-октябрда Жогорку Лиганын 27-турунун алкагында өлкөнүн учурдагы чемпиону «Ынтымак Арена» стадионунда «Абдыш-Ата» командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюндун жалгыз жана жеңишти камсыздаган голун экинчи таймдын башында Альберт Торрас киргизди.
Бул жеңиштен кийин «Барстын» эсебиндеги упайлардын саны 61ге жетип, команда турнирдик жадыбалдагы лидерлигин ишенимдүү улантууда.
Караколдук клубдун башкы атаандашы «Алга» ошол эле учурда Ош шаарында «Алай» менен беттешип, упай жоготту. Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Натыйжада «Алга» лидерден беш упайга артта калды.
Сезондун аякташына үч тур калганда «Барс» чемпиондук наамды мөөнөтүнөн мурда жеңип алууга мүмкүнчүлүк алды. Ал үчүн караколдук команда кийинки эки беттешинде тең жеңишке жетиши керек.
Ошондой эле «Барс» эми бир оюнда упай жоготууга да жол бере алат. Калган үч матчта беш упай топтосо, чемпиондук наамды камсыздайт. Канимет Аралбаев жетектеген команда эки оюнда жеңишке жетип, биринде утулса да чемпион болот. Же бир беттеште жеңишке жетип, калган экөөнү тең чыгуу менен аяктаса да жетиштүү.
Бул сезондо «Барстын» атаандаштарынын бири да 65 упайдан ашык топтой албайт.
Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды. Материалдагы маалыматтар заказ берген тараптын көз карашын билдирбейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

