Көк бөрү чемпионаты: Талас Ош шаарын, Чүй Баткенди утту
Бүгүн, 22-октябрь күнү көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын тайпалык оюндары уланууда.
Алнач А тобундагы Талас командасы менен Ош шаарынын командасы кез келип, Өмүрбек Эсен уулу баштаган Талас командасы 5:3 эсебинде Ош шаарынын командасын жеңди.
Ага улай эле В тобундагы Чүй командасы менен Баткен командасы беттешип, Рустам Тыналиев, Кубантай Султан уулу, Сейитбек Анарбек уулулар ойногон Чүй командасы Баткенди ири эсеп менен - 13:5 менен утту.
Көк бөрү боюнча өлкө чемпионатты кечээ, 21-октябрда башталган. Финалдык оюндар 25-октябрда болуп өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

