Таанымал кыргыз спортчусу— Ахрор Розбаев
Ахрор Розбаев — Кыргызстандын таанымал спортчусу, кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, Дүйнө жана Азия чемпиону, ошондой эле машыктыруучу. 60 килограммдык салмак категориясында кикбоксинг боюнча беттештерге катышкан белгилүү кыргыз спортчусу Ахрор Розбаев 2001— жылы Өзгөн районунда туулган. «Космос» спорттук клубунун тарбиялануучусу жаштайынан спортко кызыгуусу артып, кикбоксинг менген машыгып баштаган. Өзүнүн спорттогу ак мээнети менен эл аралык аренада кикбоксинг боюнча Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытып келүүдө.
Көптөгөн профессионалдык беттешүүлөрдүн катышуучусу Ахрор Розбаев спорт айдыңында өзүнүн талыбас кайраты, зор эмгеги менен, максатына жетүүнү бийик коюп, Кыргызстандын даңкын алыска таанытуу, Ата Мекендин Туусун дүйнөдө бийик желбиретүүгө дилгир болуп, тилегине жетти десек болот. Ал бүгүнкү күндө бир катар спорттук жетишкендиктерге ээ болду жана кыргыз элинин сыймыгы боло алды. Анын ысымын калкыбыз сыймыктануу менен айтып келет.
Ахрор кикбоксингдин К-1 багыты боюнча профессионалдар арасында жана эл аралык ареналарда (мисалы, Өзбекстанда өткөн ачык чемпионаттарда) бир нече жолу жеңүүчү болгон. Кыргызстандын ичинде да бир нече жолку чемпион болду. Ал жаштарды спортко, сергек жашоого үндөп, машыктыруучулук ишмердүүлүк менен да алектенет. Учурда ал жаш өспүрүмдөрдү, балдарды жана чоңдорду кикбоксинг спортуна машыктырып келет.
Ахрор 2025 жылы в Абу-Дабиде WAKO версиясында (Low Kick дисциплинасы боюнча) Дүйнөлүк чемпионатта кикбоксинг боюнча тарыхый жеңишке жетишти. Дүйнөнүн күчтүү делген спортчуларын жеңип, алтын медалды утуп, Дүйнө чемпиону болду. Буга чейин сыймыктуу спортчубуз Ахрор Өзбекстандын Фергана шаарында өткөн ачык биринчиликте алтын медалга ээ болуп, чемпион болгон.
Ахрор Розбаевдин спорттогу жетишкендиктери жогору бааланып, мамлекет тарабынан бир катар сыйлыктарга ээ болду. Атап өтсөк, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу элчилиги тарабынан Ыраазычылык каты жана акчалай сыйлыкка сертификат тапшырылды. Башка да номинацияларда мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду. “Ош жаңырыгы” редакциясы тарабынан “Жылдын мыкты спортчусу” номинациясындагы сыйлык тапшырылган.
Сөз соңунда белгилесек, Ахрор Розбаев Кыргыз Республикасынын спортун дүйнөлүк деңгээлде таанытууга чоң салым кошкон азыркы кыргыз кикбоксингинин кеңири таанымал болгон атактуу өкүлдөрүнүн бири. Ага спорттук беттештеринде көп ийгиликтерди каалайбыз.
К.Кыдыралиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

