Ийгилиги арбыган Мыктыбек Оролбай
Кыргыз Республикасынын Туусун бийик желбиретип, атак даңкын ааламга жар салган кыргыз спортчуларынын бири атактуу кыргыз мушкери Мыктыбек Оролбай уулу тууралуу айтмакчыбыз. Тынымсыз машыгуулар, чоң эмгек менен алдыга койгон максатына жетүүгө чындап ыклас койгон мушкер көп ийгиликтерге жетти. Ысымы өлкөбүз эмес, жалпы дүйнөдөгү спорт ааламына маалым болду.
Айта кетсек, Мыктыбек Оролбай уулу Кара - Суу районунун Кызыл- Суу айылында 1998- жылы 2- октябрда туулган. Мектепти аяктаган соң, Ош мамлекеттик юридикалык институтуна тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган. Мушкер өзүнүн берген маектеринин биринде алгачкы машыгууну Ош шаарындагы “Улуу кыргыз” спорттук клубунда баштаганын айткан. Бишкек шаарына турнирлерге катышып жүргөн. Кийинчерээк Султан Асанов деген менеджер менен иштешкенин маалымдаган. Ал ага АКШдан чакыруу алып
берген жана аны менен Мыктыбекке Америкага жол ачкан.
Мушкер карьерасында 17 жолу беттеш өткөргөн, анын ичинен 14 жолку беттештери жеңиш менен аяктаган, тең чыгуулары 1 жолу болгон. Нокаут менен 6 жолу, багынтуу менен 6 жолу, 2 жолу чечим менен жеңген. Утулуштары 2 жолу болгон. Өзүнүн ийгилик жолунда мушкердин машыктыруучулары Тынчтык Өмүрзаков, Юрая Фейбер жана Влад Никитиндин салымы чоң экендигин мушкер ыраазычылык менен билдирген.
Мушкер 2018- жылдын август айында WEF 60 турниринин алкагында Элдияр Тубаев менен ММА боюнча дебюттук беттешин өткөргөн.
Карьерасындагы биринчи жеңилүүнүн 2020- жылдын декабрь айында АСА YE5 турниринде Халид Сутуевден бир добуштан алган чечим менен алган.
2023-жылдын октябрында Мыктыбек LFA 170 турниринин алкагында Хейвард Чарльзды экинчи раундда нокаут менен жеңген. UFCдеги дебюттук беттешин 2023- жылдын ноябрь айында сербиялык Урош Медичке каршы өткөргөн. Экинчи раундда токтотулган бул мелдеш Мыктыбектин пайдасына аяктаган.
Белгилесек, UFC уюму Кыргызстандын көптөгөн мушкерлеринин кыялы. Ала бул уюмда беттешкен биринчи кыргыз мушкери. Мыктыбек Оролбай уулу дагы да ийгиликтерге жетүү үчүн аракет көрүп жүргөн чагы. Ага алдыдагы беттештерде чоң ийгиликтерди каалайбыз.
К.Кыдыралиева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

