Эки операцияга 160 млн сом сарпталган: депутат боор операциясы боюнча суроо салды
Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоого бөлүнгөн каражаттардын сарпталышы, операциялардын баасы жана тиешелүү реестрлердин убагында түзүлбөй жатканы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.
Депутат Улуттук хирургия борборунда боорду трансплантациялоо үчүн 202 млн сом бөлүнүп, анын 159,6 млн сому сарпталганын, бирок бул каражатка эки эле операция жасалганын белгиледи. Анын эсеби боюнча, бир операциянын баасы дээрлик 80 млн сомго жеткен, ал эми ОшМУнун клиникасында бул баа 1,5 млн сомдун тегерегинде экени айтылып, эки башка тарифтин себеби кызыгуу жаратты.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев жана Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгери Таалай Акматов бул каражаттардын ичине хирургиялык бөлүмдү түзүү, ошондой эле операциялык блок менен реанимациянын заманбап вентиляция жана башка талаптарга жооп берген жабдууларын орнотууга кеткен чыгымдар кирээрин түшүндүрүштү.
Башкы дарыгердин айтымында, быйылкы жасалган эки операция чукул кырдаалдагы оорулуулар эсебинен каржыланган, азыркы тапта реестрде 14 бейтап турганы менен каржылоо жок болгондуктан иш токтоп турат.
Талкуу учурунда депутат министрликтин мурдагы жана акыркы каттарындагы маалыматтар бири-бирине дал келбей жатканын сынга алды. Атап айтканда, сентябрь айындагы маалыматта боор алмаштыруу Улуттук хирургия борборунда жана ОшМУда гана жасалары айтылса, октябрь айындагы катка Кыргыз-Түрк достук ооруканасында да кошумча операциялар жасалганы киргизилгени белгиленди. Депутат Жогорку Кеңешке берилүүчү маалыматтар кылдат текшерилиши керектигин баса белгиледи.
Депутат 322-токтомго ылайык, бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын бирдиктүү реестри 2025-жылы эле түзүлүшү керек болгонун, бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарылбаганын эскертти. Нурбек Букуев кызматкерлердин жетишсиздиги жана санариптик борборго жүктөлгөн талаптардын көптүгүнөн мөөнөт созулуп жатканын билдирди. Депутат бул талапты аткаруу кечиктирилип жатканына ким жоопкерчилик тартарын сурап, каржылоо жана отчеттуулук боюнча Эсеп палатасы тарабынан катуу текшерүү жүрүшү зарыл экенин кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

