«Өзгөн» клубу чемпиондук жарыштан четтеди
27-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча Жогорку лигасынын 28-турунун алкагында төрт беттеш өттү. Анда учурдагы чемпион жана быйылкы сезондун лидери «Барс» Каракол шаарындагы өз талаасында «Токтогулду» кабыл алып, 3:0 эсебинде жеңишке жетти.
Бул жеңиштен кийин «Барстын» упайы 64кө жетип, турнирдик жадыбалдагы биринчи орунун бекемдеди. Команда сезондун аякташына эки тур калганда экинчи орундагы «Алгадан» беш упай алдыда келе жатат.
Ал эми 27 турдан кийин 53 упай топтогон «Өзгөн» калган үч беттеште эң көп дегенде 62 упайга жетише алат. Бул көрсөткүч «Барсты» кууп жетүүгө жетишсиз болгондуктан, өзгөндүктөр чемпиондук үчүн күрөштөн четтешти.
Ошентип, сезондун аякташына эки тур калганда чемпиондукка үч команда талапкер бойдон калууда. Алар: 28 оюндан кийин 64 упай топтогон «Барс», 59 упайы бар «Алга» жана 56 упай топтогон «Мурас Юнайтед».
Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды. Материалдагы маалыматтар заказ берген тараптын көз карашын билдирбейт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

