Айпери Медет кызы жарым финалда жеңилип, коло медаль үчүн күрөшөт
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды.
Ал 76 кг чейинки салмак даражасында күч сынашып, мелдешти 1/8 финал баскычынан баштаган.
Кыргызстандык балбан алгач Египет өкүлүн туше ыкмасы менен жеңип, андан соң Австрия спортчусун уткан. Ал эми жарым финалдык беттеште 18 жаштагы индиялык спортчу — 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпиону менен кездешкен.
Беттештин башында Медет кызы 7:1 эсебинде алдыга чыкканы менен, жеңишти сактап кала алган жок. Индиялык спортчу 10:7 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыкты.
Медет кызы бүгүн, 28-октябрда коло медаль үчүн күрөшөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

