Мээрим Жуманазарова бүгүн финалда күрөшөт

Мээрим Жуманазарова Астанада (Казакстан) өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Ал 68 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, таймашты 1/8 финалдан баштаган.

Турнирдеги алгачкы беттешинде кыргызстандык спортчу Индиядан келген 20 жаштагы спортчуну жеңген. Чейрек финалдык беттеште АКШдан келген Кеннеди Алексис Блейдске каршы күрөштү жана аны туше менен жеңип, жарым финалга чыкты. Анадан кийин Моңголиянын өкүлүн 3:1 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.

Бүгүн Жуманазарова Кытайдан келген спортчу Цзя Лонгго каршы алтын үчүн күрөшөт. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз