Мирбек Атабеков Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланды

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Казакстан президентинин жарлыгына ылайык, II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактарда билдирди.

Мамлекеттик сыйлыкты Казакстандын вице-президенти Ерлан Карин тапшырды.

Атабеков мамлекеттик сыйлык мындан аркы чыгармачылык ишмердүүлүгүнө стимул жана жоопкерчилик болорун белгиледи.

II даражадагы «Достук» ордени — бул Казакстан Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыктарынын бири. Аны менен казакстандык жана чет өлкөлүк жарандар элдердин ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташтыкты чыңдоодогу зор салымы, ошондой эле коомдогу өз ара ынтымакты сактоо боюнча жемиштүү иши үчүн сыйланышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз