Алгачкы үй-бүлөлүк ансамбль
Жоробай Эргешов – Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылынын Жылкелди айылында туулган. Айылдан чыккан алгачкы механизатор, пахта талаасында өмүр боюу эмгектенген. Биздин каарманыбыз, Жоробай Эргешовлун үй-бүдөсү жөнүндө сөз кылабыз.
Ж.Эргешов жаш кезинде эле колуна комуз алып, күүлөрдү чертип, комуздун коштоосунда ырдап, уул-кыздарынын көңүлүн ачып, музыкага болгон шыгын ойготкон. Көп жылдар боюу пахта талаасында эмгектенип жүрүп, урмат-сыйга арзыган. А түгүл «Ардак белгиси» орденинин ээси болгон. Андан кийин жумушуна 20 мүнөт кечиккендиги үчүн Ленин ордени берилбей, кайра-кайра текшерип, жыйынтыгында пахта талаасында мыкты иштегендиги эске алынып, Ленин орденин беришет. Көптөгөн орден медалдардын ээси, өзү жашаган көчөгө Жоробай Эргешовдун ысмын беришкен .Өмүрлүк жубайы Үрпия Жороева экөө 8 уул-кызды тарбиялап, эрезеге жеткиришет. Экинчи даражадагы «Баатыр Эне». Комуз жана ооз комуз черткен, кошок айтып, кыздарына үйрөткөн. Мыскал Өмүрановадай ырчы болом деген кыялдары болчу экен, бирок ал кыялдары ишке ашпай, "менин ырчылык өнөрүмдү кыздарым силер уланткыла деп көп жолу айтчу",- дейт кызы Курманбү.
Таланттуу үй-бүлө
Таланттуу үй-бүлөдөн талпынып чыккан, ата-энесинин өнөрүн уланткан Кара-Суу районундагы Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Таш айылындагы Чынар Эргешова атындагы айылдык маданият үйүн Курбанбү Эргешова жетектейт.
1990-жылы бир туугандары менен биргеликте үй-бүлөлүк ансамбль тобун түзүшөт.Алачкы жолу «Жетиген» фольклордук үй-бүлөлүк ансамбль түзүшүп, Түркия мамлекетине барып, өздөрүнүн ырчылык өнөрлөрүн тартуулап келишет. Андан кийин Орусиянын Санкт- Петербург шаарындагы кыргыздарга барышып, концерт тартуулап келишкендигин айтып кетүүгө болот.
Чынар Эргешова айылдык маданият үйүн жетектеп турганда, көптөгөн ийгиликтерге жетишишкен.Иш-чараларды өткөрүүдө жолдошу Абдималик Макатаев экөө айылдык маданият үйүнүн атын чыгарышты. Учурунда Чынар Эргешова,СССРдин «Маданияттын мыктысы» кызматкери наамын алган. Жазуучу С.Жетимишов «Өмүрүн өнөргө арнаган карлыгач» аттуу китебин жазат.Тилекке каршы, азыркы учурда экөө тең жарыкчылык дүйнө менен кош айтышып кетишкен. Алардын эмгегин улантууда бир тууган сиңдилери Заргөкүл, Курбанбү, Акмаралдар маданият тармагында талыкпастан эмгетенип келе жатышат.
Эл ичи - өнөр кенчи
Элибиздин арасынан чыккан таланты менен таанылган ырчыларыбыз, калайык калкка дем күч берип, уккулуктуу ырларын тартуулап, көпчүлүктүн жарпын жазып келе жатышат. Нукура, табигый таланты менен таанылган, өзүнүн кесибин кастарлап сүйгөн, бир тууган эже-сиңдилер, Заргөкүл, Курманбү жана Акмарал Жороеваларды сыймык менен атап кетмекчибиз.
Эргешова Заргөкүл Жоробаевна, өмүрүнүн 40 жылын маданият тармагына арнап келе жатат.Мыкты аткаруучу, обон да чыгарат, көптөгөн кароо- сынактардын, фестивалдардын жеңүүчүсү. Өзбекстан республикасынын Андижан областында өткөрүлгөн «Өрөөн булбулу» аттуу өткөрүлгөн фестивалында 2- орунга ээ болот.КРдин ЖКнын « Ыраазычылык каты», 2024-жылы Р.Абдыкадыров атындагы 1-даражадагы ордени, "КР маданиятынын мыктысы" төш белгиси ж.б. медалдар менен сыйланган.Учурда, Рысбай Абдыкадыров атындагы эл аралык клубунун түштүк аймагы боюнча координатору. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын энеси, 4 неберенин таенеси.
Эргешова Курбанбү Жоробаевна - жаштайынан эле ырга ышкыбоз болуп чоңойду. Мектепте окуп жүргөн мезгилде эле, ырдап,ата-энесин кубантчу. Мектепти аяктаган соң, Токмок шаарындагы атайын маданий-агартуу окуу жайынын клубдук адистигине тапшырат. Окуу жайды аяктагандан бери айылдык мданият клубунда талыкпастан эмгектенип келе жатат. Быйылкы жылы 35 жылдын жүзү толот.
Өзүнүн кесибин мыкты билген кесипкөй адис айылдык маданият үйүнүн чыгармачыл жамааты менен биргеликте айылдык, райондук, облустук жана республикалык иш-чараларга катышып,чыгармачылыктарын көрсөтүшүп, байгелүү орундарга ээ болушуп келишүүдө.
Курбанбү дайыма апасынын айткан сөзүн медер тутуп келет. "«Кыздарым, мен убагында ырдай албай калганмын, Мыскал Өмүркановадай ырчы болом деп самачумун, бирок ырдай албай калдым, силер ырдагыла, тартынбагыла, өнөрүңөрдү, талантыңарды элге тартуулагыла», - деп көп айтчу апам", - деп эскерип өттү.
Курбанбү айым, ырчы, алып баруучу. Бир канча кароо-сынактардын жеңүүчүсү. "КРдин маданитынын мыктысы" төш белгиси, КРдин Жогорку Кеңешинин «Ыраазычылык каты», КРдин президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын - башчысы акимдин, Ала-Тоо айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, 2 кыздын апасы, 2 неберенин таенеси.
Акмарал Жоробаева – элибиздин белгилүү ырчысы. Мыкты аткаруучулук чеберчилиги менен көптөгөн ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк тапкан таланттуу ырчы. Акмарал Жоробаева айылдык, райондук, облустук жана эл аралык кароо-сынктардын жана фестивалдардын жеңүүчүсү. КРдин «Мыкты кызматкери төш белгисинин» ээси. Үй- бүлөлүү, 3 кыздын апасы.
Маданият биздин байлыгыбыз, түгөнгүс кенчибиз. Андыктан, барктап, баалап туруубуз зарыл. Кыргыз Эл Баатыры, акын Аалы Токомбаев: «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин», - деп таамай айткан.
Курбанбү Эргешова азыркы учурда айылдык маданият үйүнө музей уюштуруунун аракетин көрүп жатат. "Келечекте бизден кийинки муундар үчүн тарыхта калат", - жейт Курбанбү Эргешова.
Бурма Ысакова.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

