Кыргызстандын эркин күрөш боюнча 2 медаль утту

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Астанадагы дүйнө чемпионатында эки медаль багындырды.

Жалпысынан 10 алтын медаль ойнотулуп, алар үчүн Кыргызстандан 8 спортчу күрөштү.

Эрназар Акматалиев 70 кг чейинки салмак даражасында финалга чейин жетип, бирок орусиялык спортчуга жеңилип, күмүш медаль багындырды.

Малик Шаваев 86 кг чейинки салмакта коло медаль тагынды.

Калган спортчулар турнирди байгесиз аякташты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз