Кыргыз балбандары дүйнө чемпионатында 36 медаль алышты. Тизме

Казакстандын Астана шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы 5 медаль тагынды, деп жазат "Баракелде" басылмасы. 

Кыргызстандын командасынын капчыгында эки күмүш жана үч коло медаль бар.

Мээрим Жуманазарова финалга чейин жетип, күмүш медаль багындырды. Эрназар Акматалиев дагы 2-орунду ээлеп, күмүш медаль алды. Ал үчүн бул медаль дүйнө чемпионаттарындагы төртүнчүсү болду.

Акжол Махмудов карьерасында дүйнө чемпионатында алгач ирет жеңилип, коло медаль багындырды.

Амантур Исмаилов экинчи ирет дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду, ал эми Малик Шаваев алгачкы ирет дүйнөлүк биринчиликтин байге ээси аталды.

Жалпысынан Кыргызстандын курамасында дүйнө чемпионаттарында 36 медаль бар — 8 алтын, 9 күмүш жана 19 коло.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионаттарындагы Кыргызстандын байге ээлеринин тизмеси:

1994-жыл, Стамбул (Түркия)

Эркин күрөш

68 кг чейин — Кенжебек Өмүралиев — 3-орун

1999-жыл, Афины (Греция)

Грек-рим күрөшү

85 кг чейин — Раатбек Санатбаев — 3-орун

2005-жыл, Будапешт (Мажарстан)

Эркин күрөш

96 кг чейин — Алексей Крупняков — 3-орун

2006-жыл, Гуанчжоу (Кытай)

Грек-рим күрөшү

66 кг чейин — Канатбек Бегалиев — 2-орун

2007-жыл, Баку (Азербайжан)

Эркин күрөш

60 кг чейин — Базар Базаргуруев — 3-орун

2010-жыл, Москва (Орусия)

Грек-рим күрөшү

74 кг чейин — Данияр Көбөнов — 3-орун

2016-жыл, Будапешт (Мажарстан)

Эркин күрөш

70 кг чейин — Эламан Догдурбек уулу — 3-орун

2017-жыл, Париж (Франция)

Эркин күрөш

58 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова — 3-орун

2018-жыл, Будапешт (Мажарстан)

Грек-рим күрөшү

55 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков — 2-орун

2019-жыл, Нур-Султан (Казакстан)

Эркин күрөш

62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова — 1-орун

2021-жыл, Осло (Норвегия)

Эркин күрөш

65 кг чейин — Алибек Осмонов — 3-орун

70 кг чейин — Эрназар Акматалиев — 2-орун

Кыз-келиндер күрөшү

63 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова — 1-орун

68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова — 1-орун

76 кг чейин — Айпери Медет кызы — 3-орун

Грек-рим күрөшү

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков — 2-орун

2022-жыл, Белград (Сербия)

Эркин күрөш

70 кг чейин — Эрназар Акматалиев — 3-орун

79 кг чейин — Арсалан Будажапов — 3-орун

Грек-рим күрөшү

77 кг чейин — Акжол Махмудов — 1-орун

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков — 1-орун

67 кг чейин — Амантур Исмаилов — 3-орун

2023-жыл, Белград (Сербия)

Эркин күрөш

61 кг чейин — Тайырбек Жумашбек уулу — 3-орун

Кыз-келиндер күрөшү

62 кг чейин — Айсулуу Тыныбекова — 1-орун

76 кг чейин — Айпери Медет кызы — 2-орун

Грек-рим күрөшү

77 кг чейин — Акжол Махмудов — 1-орун

60 кг чейин — Жоламан Шаршенбеков — 1-орун

2025-жыл, Загреб (Хорватия)

Эркин күрөш

76 кг чейин — Айпери Медет кызы — 2-орун

57 кг чейин — Бекзат Алмаз уулу — 2-орун

70 кг чейин — Эрназар Акматалиев — 3-орун

72 кг чейин — Нурзат Нуртаева — 3-орун

Грек-рим күрөшү

87 кг чейин — Асан Жанышов — 3-орун

2026-жыл, Астана (Казакстан)

Грек-рим күрөшү

72 кг чейин — Амантур Исмаилов — 3-орун

82 кг чейин — Акжол Махмудов — 3-орун

Эркин күрөш

68 кг чейин — Мээрим Жуманазарова — 2-орун

70 кг чейин — Эрназар Акматалиев — 2-орун

86 кг чейин — Малик Шаваев — 3-орун

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз