Жанар Акаевдин жардамчысы экенин айткан жарандын унаасынын "тонировкасы" сыйрылды
Ош шаарында айнеги мыйзамсыз караңгылатылган унаа аныкталды. Бул тууралуу 4-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
Рейд учурунда «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Текшерүү маалында айдоочунун унаанын терезесин караңгылатууга уруксаты жок экени белгилүү болгон. ЖКККББнын инспектору менен сүйлөшүү учурунда айдоочу өзүн Ош мэринин жардамчысы катары тааныштырган. Ошондой эле айдоочу мыйзамсыз «тонировка» тууралуу билерин айткан.
Ага мамлекеттик кызматкер катары мыйзамды сактоого милдеттүү экени эскертилди. Ошондой эле укук бузуу тууралуу протокол түзүлүп, андан соң айдоочу плёнканы сыйрыды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

