Азия кубогу дээрлик 1 жылдык арткы мөөнөткө жылдырылды

3-ноябрда Азия футбол конфедерациясы Сауд Арабиясында өтө турган 2027-жылдагы Азия кубогунун мөөнөтүн жылдыруу чечимин расмий жарыялады.

Башында мелдеш 2027-жылдын 7-январынан 5-февралына чейин өтөрү пландалган, бирок эми ал 2027-жылдын 23-декабрынан 2028-жылдын 21-январына чейин өтөт.

«Уюштуруу комитети аймактагы түзүлгөн татаал кырдаалды, тагыраагы — олуттуу логистикалык кыйынчылыктарды жана транспорттук каттамдардагы үзгүлтүктөрдү эске алуу менен улуттук курама командалар үчүн бул башкы турнирди өткөрүү мөөнөтүн өзгөртүү чечимин кабыл алды», - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын курама командасы бул Азия кубогунда Иран, Кытай жана Сирия менен бир тайпада ойномок.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз