Сасык тумоого каршы эмдөө боюнча кимдерге акысыз вакцина берилет?
Кыргызстанда мезгилдик сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Жарандардын айрым категориялары үчүн вакцина акысыз, ал эми калган каалоочулар жеке клиникалардан эмдөөдөн өтсө болот.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, сасык тумоонун алдын алуу үчүн «Гриппол+» вакцинасынын 63 миң 734 дозасы сатып алынды.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда төмөнкү тобокел топтору үчүн акысыз эмдөө жүргүзүлөт:
- өнөкөт оорулары бар жарандар;
- 65 жаштан улуу адамдар;
- кош бойлуу аялдар;
- көп ооруган балдар;
- медицина кызматкерлери.
Акы төлөнүүчү негизде 12 жеке медициналык уюмдан эмдөөдөн өтүүгө болот.
Эмдөөнүн баасы бир доза үчүн 450 сомдон 1100 сомго чейин.
Саламаттыкты сактоо министрлиги респиратордук инфекциялар жайылган мезгилде калкты өз убагында эмдөөдөн өтүүгө жана алдын алуу чараларын сактоого чакырат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

