Кыргызстанда "Үмүт" пренаталдык скрининг программасы бекитилди

Кыргызстанда 2026–2030-жылдарга карата «Үмүт» аттуу пренаталдык скринингди киргизүү боюнча улуттук программа бекитилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Программа эненин жана баланын ден соолугун чыңдоого, тукум куучулук жана хромосомалык ооруларды эрте аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле кош бойлуулуктун бардык этаптарында медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга багытталган.

Документте программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы, анын жыйынтыктарын көзөмөлдөө жана баалоо тартиби, ошондой эле керектүү ресурстардын эсеби каралган.

Каржы министрлигине программаны ишке ашырууга зарыл болгон каражаттарды тиешелүү жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө кароо тапшырылды.

Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз