Кыргызстанда Олимпиаданын чемпиондоруна өмүр бою ай сайын 30 миң сомдон төлөнөт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта Олимп, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине өмүр бою ай сайын төлөнүүчү стипендияларды төлөөнүн жаңы тартиби күчүнө кирет.

Тиешелүү №748 токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 9-ноябрда кол койду. Документ 2018-жылы бекитилген алдыңкы спортчуларга стипендиялар жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизет.

Токтомго ылайык, спорттук карьерасын аяктагандан кийин өмүр бою ай сайын төлөнүүчү стипендиялар төмөнкү өлчөмдө төлөнөт:

Олимп, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын алтын медалы үчүн — 30 миң сом.

Күмүш медаль үчүн — 25 миң сом.

Коло медаль үчүн — 20 миң сом.

Спорттун олимп түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиондоруна ай сайын 20 миң сом өлчөмүндө өмүр бою стипендия каралган.

Эгерде спортчу бир нече тиешелүү наамга ээ болсо, стипендия эң жогорку төлөм каралган алардын бири боюнча гана дайындалат. Ар кандай жетишкендиктер үчүн төлөмдөрдү кошуп эсептөөгө жол берилбейт.

Каржы министрлигине 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү даярдоодо жаңы милдеттенмелерди эске алуу тапшырылды.

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз