Журналисттердин футболунан репортаж: Тажрыйба, интеллект, жаштык

"Мотор" командасы.

Кечээ, 9-ноябрь күнү Оштогу журналисттер Кара-Суу шаарындагы «Манас» стадионунда футбол ойнодук. 3 команда бир кубокту талаштык дегендей. Анда кеп башынан болсун. 

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун кубогуна арналган журналисттердин ортосундагы футбол боюнча мелдеш салтка айланып калды. Былтыркы жылы биринчи жолу өткөрүлгөн болсо, быйыл дагы уланып, башка деңгээлге чыкты. 

Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен "Ош ТВнын" директоору Акылбек Орозматов.

Былтыр Ош МУнун Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Медербек Ниязалиев демилгелеп, ал демилгени ректор Кудайберди Кожобеков колдоп, 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кара-Суу шаарындагы стадиондо футбол ойногонбуз. Быйыл да ошону улай жогорудагы датанын урматына футбол ойнодук. 

Ректордун кубогуна 3 команда ат салыштык. Биринчи команда – «СССР», экинчи команда – «Мотор», үчүнчү команда – «Көк жал» командасы болду. Биринчи команданын курамына мурда футбол ойноп жүргөн, а бирок ММКда тынымсыз иштеген, дагы деле иштеп жаткан ардагерлер кирди. Ардагерлер демекчи, алар: Медербек Ниязалиев, Жаныбек Деркембаевдер баштаган тажрыйбалуу команда эле. Капитандык милдетти «Ош ТВнын» директору Акылбек Орозматов аркалап, командасын алдыга сүрөөгө аракет кылды. 

«Мотордун» капитаны өзүм болдум. Бирок, бейрасмий капитаныбыз, машыктыруучубуз Улукбек Сали уулу болду. Биз Улук түзгөн схема менен ойноп, ошону угуп жүрдүк.  А «Көк жалдарды» «Алай» клубунун басма сөз катчысы, Оштогу ЖМКлар менен тынымсыз кызматташып жүргөн Исхак Туратбеков баштап чыкты. 

Оңдон солго карай: Каптал калысы, "Мотор" командасынын капитаны Бексултан Мамытов, башкы калыс, "Көк жал" командасынын капитаны Исхак Туратбеков жана каптал калысы.

Схемалардын туура эмес иштеши же тактикалар кагылышы

Эми оюндун өзүнө келели. Алгач «СССР» командасы менен «Көк жал» командасы талаага чыгып, оюн жай ыргак менен башталды. Командалар алгач бири-бирин аңдап, алгылыктуу жана кемчилигин билип алайын дештиби, айтор, эки тарап активдүү деле чабуулдарга чыккан жок. Болгону «Көк жалдын» курамы «СССРге» салыштырмалуу жаш болгондуктан, ара-чородо активдүүлүгүн көрсөтүп жатышты. Биринчи таймда командалар бирден гана гол киргизишип, тыныгууга чыгышты. 

Чыныгы «бомбардировка» экинчи таймда болду. Бул саам алар бири-биринин кемчиликтерин билип калган экен, голдордун шоусуна айланып кетти. Биринчи таймда табло 1:1 эсебин көрсөтүп турса, экинчи таймдын аягына келип 5:4 эсебине айланды. Голдорду кимдер киргизгенин көрбөй калдым, анткени ал учурда биздин команда Улукбек Салы уулунун көрсөтмөсү менен денелерди «кызытуучу» машыгууларды жасап жаткан элек. 

Айтмакчы, «Ош жаңырыгынын» башкы редактору Асанбек Пазылов дарбазада мыкты турганы менен башкалардан айырмаланып турду. Негизи футболду да жакшы ойнойт. Бирок, командалаштары анын дарбазада мыкты турарын байкап калышып, «өзүң карап бербесең болбойт» деп суранышкан тура. Айтор, футболдун тили менен айтканда мыкты сейфтерди жасады. Анын «тогуздукка» жарыктын ылдамдыгы менен учуп келе жаткан топторду илбирстей эле секирип тосуп жатканын көргөндөр, «профессиондалдык клубда эле ойнобосузбу» деген кеп-кеңештерин аяшкан жок. «Ырасында физикалык абалын ырастап алып, «Алайда» ойносо да болот экен» деп турдум ичимден. Кыскасын атканда, «дарбазачы жарым командага тете» дегендей, Асан аке кечээ командасын көп голдон куткарып калды. Эмесе, чалдар менен балдар ойногон оюнда «сысысырчылар» утулуп калмак да. Деген менен «карт карышкырлардын» интеллектиси, буга чейинки тажрыйбасы көп нерсени канкуулап, жеңишке себеп болду окшойт. Алар өз курагына ыңгайлуу схема түзүп, тактикасы да ошого жараша болгону үчүн «Көк жал» командасын 5:4 эсебинде жеңди окшойт сыягы. 

"Ош жаңырыгы" гезитинин башкы редактору Асанбек Каракозиев.

А «Көк жал» командасынын жеңилип калышы - алардын туура эмес схема тандашында деле эмес, тактикасында деле эмес, өздөрүндө болду окшойт. Жаш курактагы балдардын каны кайнап, бир калыска, бир командалаштарына, бир өздөрүнө нааразы болуп жатып эле оюнду колдон чыгарышты. А балким токтоо мүнөз менен, «салкын кандуу» ойношсо, балким жеңишке жетишмек. 

«Мотордун» бузук тетиктери алмашканда

Тиги балдар менен чалдардын оюнунан кийин биз «Көк жал» командасы менен ойномокпуз. Алар ойноп жаткан убакта биз футболго тиешелүү кыймылдарды жасап, схема түзүп, тактиканы ырастап жаттык. Улукбек Сали уулу мурда футбол академиясына барган адам катары бизге схеманы чийип берди. Башында ал бизди 3-5-2 схемасына даярдады. «Та-ак, 3 коргоочу, 5 жарым коргоочу, эки чабуулчу. Чабуулга чыккан чурда 5 жарым коргоочунун экөө жана чабуулга ыктаган жарым коргоочу үчөө болуп, алдыдагы эки чабуулчуга жардам беребиз. Коргонууда, эки жарым коргоочу коргоочуларга жардам берип, схемабыз 5-3-2 болот», - деди. Ошентип, көк майсаңга чыгып, «Көк жалды» «талкаламай» болдук. А бирок, оюн учурунда баягы схемабыз ишке жараган жок. Биз, Таалай аке экөөбүз чабуулда ойноп, 2-3 учурду колдон чыгардык. Айтор, жарым коргонууда да, коргонууда да орой каталар болуп, биринчи таймдын өзүнчө эле 3 гол өткөрүп жибердик. Биринчи таймдын акырында Таалай аке экөөбүз оюндан чыктык. Эми чыкпай эле койсок болмок, бирок тигилерге биз эле жолтоо болгондой болуп, өзүбүз эле алмаштык. 

"Мотор" командасы менен "Көқ жал" командасы.

Экинчи таймда балдардын дымагына дымак кошулуп, башка ыргакта ойношту. Анктени, схеманы да, тактиканы да алмаштырдык. Биринчи таймда 3-5-2 схемасында ойносок, экинчи таймда 4-4-2 схемасында ойноп, физикалык жактан күчтүү балдарды жарым коргонууга, чабуулга, каптал чабуулуга өткөрүп жатып, оюн такыр башка нукка бурулду. Бул тактикабыз ишке жарап, эсепти теңеп, 3:3 болдук. Деген менен канчалык аракетибизге карабай атаандаштардын дарбазасына башка гол киргизе алган жокпуз. 

«СССР» «эзилип», «Мотор» жүрбөй калганда...

Биз «Көк жалды» жайгарып, 10 мүнөт эс алып албай эле кайра оюнга чыктык. Мындай көрүнүш биздин медиа лигада гана болдук окшойт. Жада калса өтө мыкты физикалык даярдыгы бар профессионал футболчуларда мындай оюнга макул болбойт болчу.))) А бирок «Мотор» деген мотор эмеспи, ал чарчабайт» дедик да, оюнга кайттык. 

"СССР" командасы.

Башкы калыстын ышкырыгы жаңырып, топ оюнга аралашты. Биз баягы эле схемада чыкканбыз. «Сысысырчылардын» схемасына аңдабаптырмын. Кыскасы, биринчи таймда «чалдарды» кыйла эле кыйнадык. Оюн алардын жарым талаасында эле жүрдү. А бирок балалык кылышты окшойт биздикилер, көп гол киргизе алышкан жок. Бир учурда стандарттык учурдан биздин командабыздын мотору Алшер Жалил уулу пенальти «иштеп, борбордук, ишенген коргоочубуз Уран аны голго айлантты. Ошентип, биринчи тайм бүтүп, тыныгууга тарадык. Анда балдар чарчап калганбы, айтор, «Италиянын Серия Асынын клубдарындай бекем коргонууга «жаталы» дешти, «Мадриддин «Атлетикосундай» «автобус» коелу» дешти. Сыягы чарчап калышкан го. Бирок антке алган жкопуз. Оюнга чыгып, кайра эле баягы активдүүлүк башталып, чабуул артына чабуулга чыктык. Бирок, тажрыйба, интеллект деген башка нерсе окшобойбу, «чалдардын» коргонуусу биз ойлогондон бекем болду. Алардын курамындагы Айбек деген оюнчу дарбазачыбыздын алдыга чыгып кеткенинен пайдаланып, алыстан эки гол уруп койсо болобу. Башында алардын менменсинмей жүргөнүбүз менен кийин оюнда жүрүп, кимиси мыкты ойнорун баамдап жүрдүм. Акылбек Орозматов бирде чабуулда, «бирде «алдамчы тогуздукта» ойносо, Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Абсаттар Табакалов коргонууда да, жарым коргонууда да, чабуулда да ишке жарап атты. А Жолдубай Айткулов азыркы «Барселонанын» жаш жылдызы Фермин Лопестей эле ыкчам, пас берсе «Наполинин» азыркы оюнчусу, «Манчестер Ситинин» мурдагы оюнчусу Кевин Де Брюнедей эле так, акылдуу пастарды берип, командалаштары менен бирге «тики-така» жасап, айрым учурда айтылуу Хави Эрдандеске айланып, айлабызды курутту. Ошентип, дагы бир гол өткөрүп, шаабайыбыз сууп, оюнга көксөбүз канып, кубок утпасак да өзүбүздү профессионал футболчудайсезип, эрденсип оюндан чыктык. 

"СССР" менен "Көк жал" командасынын оюнунан...

Мындай эмоцияларды тартуулап, эки жыл катары менен килейген стадионго оюндарды уюштуруп берип жаткан Ош МУнун ректору Кудайберди Кожобековго өзгөчө ыраазылык билдиребиз!

Автор: Бексултан Мамытов.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз