Жетишкендиктер, мүмкүнчүлүктөр жана алдыдагы милдеттер
Бүгүнкү күндө дүйнөлүк жана азиялык, көчмөндөр оюндарынын мелдештеринде чемпиондук наамдарга жетишип жаткан Абидинов Баяман, Сапаров Роман, Абытов Бексултан, Мирзаев Талипбек, Абдурасулов Марлен жана Сагынали уулу Иманалы сыяктуу ноокаттык балбандардын ысымдары улуттук күрөштү сүйүүчүлөрдүн арасында сыймык менен аталып келет. Ноокаттыктардын арасында волейбол боюнча Кыргызстандын курама командаларынын курамында ойноп жүргөн спортчулар бар. Ага Кыргызстандын U-16 курама командасынын капитаны Казаков Эржан, Ош облусунун курама командасынын курамында оюн көрсөтүп келе жаткан Аязова Аксаамай мисал боло алат.
Футбол боюнча U-14 жана U-16 жаштар арасындагы командалар райондук жана облустук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Жеңил атлетика боюнча «Мен чемпион» мелдешинде ноокаттык жеңил атлетчилер облустук жана республикалык деңгээлде биринчи орундарды багындырып келишет.
Биз жакында Ноокат райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору Абытали Кудайбердиевич Мурзакуловго жолугуп, райондогу спорттук инфраструктураны жакшыртуу, жаштар арасында массалык спортту жайылтуу жана жогорку жетишкендиктерге жетишкен спортчуларды даярдоо боюнча багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маектешип кайтканбыз.
- Абытали Кудайбердиевич , акыркы жылдары Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, анын алкагында спорттук инфраструктураны жакшыртуу, жаштар арасында массалык спортту жайылтуу жана жогорку жетишкендиктерге жетишкен спортчуларды даярдоо боюнча маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Сиздерде абал кандай?
- Ачыгын айтыш керек, Кыргыз Республикасынын Президенти дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жаткандыктан, башка аймактар сыяктуу эле кийинки жылдарда Ноокат районундагы абал оң тарапка өзгөрүп жатат. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын алдыдагы беш жылдык өнүгүүсүнүн стратегиялык артыкчылыктарын белгилеп, анын ичинде спорт тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады. Ошондуктан бул тармактын өнүгүү деңгээли мындан да жогорулайт деген ишенимдебиз.
Мамлекет башчысынын тапшырмаларынын негизинде райондук мамлекеттик администрациясынын көзөмөлү менен Т.Зулпуев айыл өкмөтүндөгү эски спорттук комплекс жана стадион толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.
Мындан тышкары, бир катар айыл өкмөттөрүндө жеке менчик спорт залдары жана футбол аянтчалары курулуп, жергиликтүү калк үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Мисалы, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2026-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейин үч спорттук зал курулуп, пайдаланууга берилди. Т.Кулатов айыл өкмөтүндө да ири спорттук комплексти оңдоп-түзөө иштери аяктап, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилди.
- Спорттун бир нече түрү боюнча үзүрлүү иш алып барып, жакшы ийгиликтерге жетишип келе жаткан Ноокат райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз.
- Жакшы болот. Бүгүнкү күндө Ноокат райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде спорттун бир катар түрлөрү боюнча үзгүлтүксүз машыгуулар өткөрүлүп, жаш спортчуларды даярдоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бизде улуттук оюндарга, улуттук күрөш түрлөрүнө жана футболго өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Улуттук күрөш түрлөрү жаштар арасында кеңири жайылып, районубуздун спортчулары облустук, республикалык, Азиялык жана дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп келишет.
Тогуз коргоол боюнча да районубуздун спортчулары республикалык жана Азиялык мелдештерге активдүү катышып, машыктыруучуларбыз Абдрахманов Бакытбек жана Замирбек уулу Залкардын жетекчилиги астында облустук жана республикалык мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.
Футбол багытында райондун айыл өкмөттөрүндө алты машыктыруучу эмгектенүүдө. Кыргыз-Ата жана Ноокат футбол клубдары облустук жана республикалык мелдештерде жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келе жатышат.
Ошондой эле Ордо оюнун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, аймактардан бул багыттагы адистерди издеп таап, машыктыруучулукка тартуу иштери жүргүзүлүүдө. Волейбол, футбол, баскетбол жана жеңил атлетика спорттун түрлөрү да райондо өзгөчө өнүгүү багытында.
- Мелдеш, турнир сыяктуу иш-чаралар жаштарды спортко кеңири тартууга, алардын чеберчилигин жогорулатууга жана мыкты спортчуларды тандоого өбөлгө түзөт эмеспи. Үстүбүздөгү жылы райондук жана спорт мектебинин деңгээлинде кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлдү?
- 2026-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Ноокат райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби тарабынан спорттун бир катар түрлөрү боюнча жалпысынан 2 эл аралык, 2 облустук жана 24 райондук мелдеш өткөрүлдү.
- Райондун спортчулары кандай мелдештерге катышып, кандай жыйынтыктарга жетишти?
- Бүгүнкү күндө Ноокат райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде машыгып жаткан улуттук күрөш боюнча спортчулар Абидинов Баяман, Сапаров Роман, Абытов Бексултан, Мирзаев Талипбек, Абдурасулов Марлен жана Сагынали уулу Иманалы дүйнөлүк жана Азиялык көчмөндөр оюндарынын мелдештеринде чемпиондук наамдарга ээ болушту.
Волейбол оюну боюнча кыздар командасы облустук деңгээлдеги мелдештерде туруктуу түрдө алдыңкы орундар үчүн күрөшүп келет.
Футбол боюнча машыктыруучулар Ысаков Сайпидин жана Абжапар уулу Саадан даярдаган U-14 жана U-16 жаштар арасындагы командалар райондук жана облустук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.
Волейбол боюнча машыктыруучу Эргешов Азизбектин кыздар командасы Чоң-Алай жана Кара-Суу райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде болуп өткөн облустук ачык биринчиликтеринде биринчи орундарды камсыздап келишти.
Жеңил атлетика боюнча машыктыруучулар Алимбеков Жунус жана Сыдыков Курсан даярдаган спортчулар «Мен чемпион» мелдешинде облустук жана республикалык деңгээлде биринчи орундарды багындырышты.
- Азыркы мезгил машыктыруучуларга жогорку талаптарды коюуда. Ноокаттын спорттогу аброюн көтөрүп, райондун атын алыска чыгарып жаткан машыктыруучуларды атап өтсөңүз.
-Райондо спорттун бардык түрлөрү боюнча өсүү динамикасы байкалууда. Бул, албетте, спортчулар менен тыгыз иш алып барган тажрыйбалуу машыктыруучулардын эмгегинин натыйжасы. Кыргыз улуттук күрөш түрлөрү боюнча машыктыруучулар Абидинов Баяман жана Абытов Каныбектин окуучулары республикалык гана эмес, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерде да байгелүү орундарды ээлеп келишүүдө.
Жеңил атлетика боюнча машыктыруучулар Алимбеков Жунус жана Сыдыков Курсан даярдаган спортчулар облустук жана республикалык мелдештерде туруктуу түрдө жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө.
Тогуз коргоол боюнча Абдрахманов Бакытбек агайдын эмгегин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Ал республикалык жана Азиялык мелдештерде калыстык милдетин аткарып, окуучулары облустук жана республикалык мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап келишүүдө.
Волейбол боюнча Эргешов Азиз, Мадашов Марлен, Шералиев Толкун жана Муса уулу Актилек тарбиялаган спортчулар Кыргызстандын курама командаларынын курамында ойноп келишет. Алардын арасынан Туленова Гүлмира, Казаков Эржан, Аязова Аксаамай сыяктуу спортчуларды өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Казаков Эржан Кыргызстандын U-16 курама командасынын капитаны болсо, Аязова Аксаамай Ош облусунун курама командасынын курамында оюн көрсөтүп келет.
-Айыл жерлеринде, өзгөчө алыскы аймактарда спорттук мүмкүнчүлүктөр жетишсиз деген пикирлер айтылып келет. Бул маселени чечүү үчүн кандай иштер жүргүзүлүүдө?
-Бул маселеге бүгүнкү күндө өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Райондун алыскы аймактарында жашаган балдарга спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүү — биздин негизги милдеттерибиздин бири. Мисалы, Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн Каримберди участкасында жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрүлүп, спортту өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды. Айыл өкмөтүнүн башка аймактарында да жергиликтүү машыктыруучулар менен биргеликте иш алып барып, шарттарына жараша волейбол жана эркин күрөш боюнча машыгуу залдары ачылды. Учурда волейбол жана эркин күрөш боюнча бирден машыктыруучу ишке алынып, жаштар менен машыгуу иштерин жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, райондун батыш аймагында дагы бир спорт мектебин ачуу боюнча Ош облусунун тиешелүү башкармалыгына расмий кат менен кайрылдык.
-Акыркы жылдары мамлекет тарабынан адаптивдүү жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө да көңүл бурулууда. Бул багыттагы иштер боюнча кандай пландарыңыздар бар?
-Адаптивдүү жана паралимпиадалык спортту өнүктүрүү — бүгүнкү күндөгү маанилүү багыттардын бири. Бул маселе биздин район үчүн гана эмес, жалпы өлкө үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Ноокат районунда паралимпиадалык спорттун айрым түрлөрү боюнча азырынча жетиштүү шарттар жана спортчулар жок. Ошондуктан келечекте тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп, материалдык-техникалык база түзүлсө, бул багытты өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга даярбыз. Биздин максат — ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана жаштар үчүн да спорт менен машыгууга бирдей шарт түзүп, аларды коомдук жашоого жана активдүү жашоо образына тартуу.
Жыйынтыктап айтканда, Ноокат районунда спорт тармагы жылдан-жылга өнүгүп, спорттук инфраструктура кеңейип, жаштардын спортко болгон кызыгуусу артып жатат. Алдыда негизги милдет — бул жетишкендиктерди бекемдөө, алыскы айылдарга спортту жеткирүү, машыктыруучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана таланттуу жаштарды республикалык жана эл аралык аренага чыгаруу.
Маекти уюштурган: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

