Кремль мораторий учурунда сокку урулбай турган объектилердин атын атады
Кремль АКШ менен макулдашылган Орусиянын жана Украинанын энергетикалык объекттерине сокку урууга убактылуу мораторий киргизилгендиги тууралуу тизмени жарыялады. Кремль белгилегендей, эгерде мораторий бузулса, тараптар аны аткаруу боюнча милдеттенмелерден бошонгон деп эсептөөгө укуктуу. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.
Тизмеге төмөнкү объекттер кирди:
- мунайды кайра иштетүүчү ишканалар;
- мунай жана газ түтүктөрү, сактоочу жайлар, анын ичинде насос станциялары;
- электр энергиясын өндүрүүчү жана берүүчү инфраструктура, анын ичинде электр станциялары, подстанциялар, трансформаторлор жана бөлүштүрүүчү түйүндөр;
- атомдук электр станциялары;
- гидроэлектростанциялардын дамбалары.
Бул чечим Москва менен Вашингтондун делегацияларынын Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кабыл алынды. Сүйлөшүүлөр 12 саатка созулуп, 24-март, дүйшөмбү күнү кечинде аяктаган. Ушундай эле келишим америкалык жана украиналык делегациялардын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрүндө да жетишилген. Айрыкча, тараптар Кара деңиздеги коопсуз кемечилик маселесин камсыз кылуу боюнча макулдашышты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.