NVIDIA компаниясынын мурдагы жетекчиси кызматкерлерин кордоп, өлүм тилегени айтылды

NVIDIA компаниясынын жетекчиси кызматынан кеткенден кийин Женсен Хуангдын мурдагы кызматкерлери анын орой мамилеси жана ачуусун тыя албагандыгы тууралуу окуяларды айтып чыгышты.

New York Post басылмасынын маалыматына караганда, компаниянын мурдагы жетекчиси көп учурда ачууланып, кызматкерлерине карата орой мамиле жасачу.
 
Басылманын булактарынын билдиришинче, быйыл февраль айында Хуанг 30дан ашуун менеджердин көзүнчө ошол кездеги сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Жей Пурини кемсинтип, атүгүл ага өлүм каалаган. Ал: «Сен өлүп калсаң, баарыбызды азаптан куткармаксың», — деп кыйкырганы айтылууда.
 
Маалыматка ылайык, Пури бул кемсинтүүлөргө унчукпай чыдаган. Ал эми окуяга күбө болгон кесиптештери унчукпай, чыңалган абалда отурушкан. «Баары бир аз таң калышты», — деп билдирген булактардын бири. Журналисттер жабыркаган кызматкер менен байланышууга аракет кылганы менен, майнап чыккан эмес.
 
Хуанг буга чейин да кызматкерлерин кесиптештеринин көзүнчө жемелеп, кемсинткени айтылат. 2025-жылы ал кызматкер аялдардын бирине кыйкырып: «Мага жылмайганы турасыңбы? Сыртка чык!» — деген.
 
Дагы бир окуяда ал компаниянын жогорку кызматтагы жетекчилеринин бирине суу куюлган бөтөлкө ыргытканы кабарланган.
 
Анын ордуна дайындалган Колетт Кресске да Хуанг эл алдында орой мамиле жасаганы айтылууда. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, жай мезгилинде ал Кресстин презентациясын ортосунан токтотуп, аны коркконунан эмне кыларын билбей калган адамга салыштырган.
 
Хуанг тууралуу китеп жазган Стивен Уитт The New York Times басылмасына жарыяланган материалында мурдагы жетекчи өзүнө каршы пикир айтканды жактырбаганын белгилеген. Эгер кимдир бирөө өз оюнан кайтпай, аны менен талашууну улантса, Хуанг ачууланып, ага кыйкыра баштачу.
 
Кызматтан кеткенден бери Хуанг бул окуялар боюнча унчукпай келет жана азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.
 
Ал арада Wired басылмасы бир катар кызматкерлер анын компанияга кайра кайтып келишин талап кылышканын жазды. Бул сунуш компаниянын ички платформасында жарыяланып, 1600гө жакын пикир топтогон. Алардын басымдуу бөлүгү Хуангдын кайтып келишин колдогон. Белгилей кетсек, NVIDIA компаниясында 42 миңдей адам эмгектенет.
 
Буга чейин NVIDIA компаниясынын мурдагы жетекчиси Женсен Хуанг үй-бүлөлүк ишенимге байланышкан чуудан кийин кызматтан кеткен. Ага эки аял менен никеден тышкаркы мамиледе болгон деген дооматтар коюлган. Алардын бири — Сингапурдагы Megaspeed компаниясынын жетекчиси Элис Хуанг. АКШ бийлиги аны Кытайдын чалгын кызматтары менен байланышы болушу мүмкүн деп шектейт. Экинчиси — NVIDIA компаниясынын вице-президенти Кимберли Пауэлл.
 
Маалыматка ылайык, Хуанг жубайынын көзүнө чөп салганын моюнга алып, кечирим сураган. Ошондой эле компаниянын директорлор кеңеши чет өлкөлүк чалгындоо кызматынын ыктымал операциясына байланыштуу көз карандысыз иликтөө баштаган. Пекин тыңчылык боюнча айыптоолорду четке каккан.
 
Бул жагдай АКШнын улуттук коопсуздугуна байланыштуу олуттуу кооптонууларды жаратып, NVIDIA компаниясынын акцияларынын арзандашына жана инвесторлордун компанияга каршы доо арыздарына себеп болгону айтылат. Инвесторлор компанияны жана Хуангды маанилүү маалыматтарды жашырган деп айыпташкан.
 
Компаниянын убактылуу башкы директору болуп каржы директору Колетт Кресс дайындалганы кабарланган.
 
NVIDIA — АКШда жайгашкан, дүйнөдөгү эң ири технологиялык компаниялардын бири. Ал негизинен компьютерлерге, оюн приставкаларына жана жасалма интеллект системаларына керектелүүчү графикалык процессорлорду (GPU) иштеп чыгат жана чыгарат. Компаниянын чиптери компьютердик оюндарда жогорку сапаттагы графиканы камсыз кылуудан тышкары, жасалма интеллектти үйрөтүүдө, маалыматтарды иштетүүдө, робототехникада жана өз алдынча башкарылуучу унаалардын технологияларында кеңири колдонулат.
 
Компания 1993-жылы 5-апрелде үч инженер — Женсен Хуанг, Крис Малаховски жана Кертис Прием тарабынан негизделген. Алгачкы жылдары негизги көңүлүн компьютердик оюндар үчүн графикалык чиптерди чыгарууга бурган. Кийинчерээк жасалма интеллект тармагына керектүү кубаттуу процессорлорду өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бирине айланган.
 
Крис Малаховски (Chris Malachowsky) — NVIDIA компаниясында азыркыга чейин иштеп келет. Ал компаниянын негизги технологияларын өнүктүрүүгө катышкан инженерлердин бири. Учурда NVIDIAнын жетекчи кызматкерлеринин катарында жана NVIDIA Fellow макамы менен ишмердүүлүгүн улантууда. Анын ысымында 40ка жакын патент бар. 
 
Кертис Прием (Curtis Priem) — компаниянын техникалык директору болуп 1993–2003-жылдары иштеген. 2003-жылы NVIDIAдан кетип, кийин акцияларынын баарын сатып жиберген. Андан соң кайрымдуулук иштерине жана билим берүү тармагына көңүл бурган. Айрыкча өзү окуган Rensselaer политехникалык институтуна ири каражат бөлгөн. 
 
Кызыгы: үчөө 1993-жылы NVIDIAны негиздегенде, компаниянын келечекте жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк алптардын бирине айланарын элестетүү кыйын болгон. Бүгүнкү күндө алардын ичинен Женсен Хуанг компаниянын өнүгүшүндөгү эң белгилүү фигура болуп калды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз