Казакстанда болгон жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

Саат 04:42дө Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду.

Бишкек шаарынын тургундары да жер титирөөнү сезишти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Казакстандын аймагында, Копуро-Базар айылынан 18 км түндүктө, Бишкек шаарынан 135 км түштүк-батышта жана Тараз шаарынан түштүк-чыгышта жайгашкан.
 
Кыргызстандын айрым калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү төмөнкүчө болду:
 
Копуро-Базар айылы – 5 балл,
 
Бишкек – болжол менен 4 балл.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз