Өзбекстандагы мечитте жарылуу болуп, 6 адам жабыркады
Өзбекстандын Андижан облусундагы мечиттердин биринде газ-аба аралашмасынын жарылысы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«31-март күнү саат 12:19да Андижан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына Избаскан районунда жайгашкан Ахмадали Ходжи мечитинде газ-аба аралашмасынын жарылышы болгону тууралуу маалымат түштү», – деп айтылат Telegram-каналдагы билдирүүдө.
Окуя болгон жерге облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тиешелүү кызматкерлер барышты. Абал толук көзөмөлгө алынды.
Алгачкы маалыматтар боюнча, алты адам жабыркаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.