Аму жана Сыр дарыяларында быйыл чоң көйгөйлөр башталат - депутат
«Сиздер суу ресурстары боюнча саясатты кайра карап чыгышыңар керек», – деди 31-мартта, Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевге кайрылып, деп жазат "Тазабек" басылмасы.
Депутаттын айтымында, быйылкы жылдан баштап Аму жана Сыр дарыяларынын суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча чоң көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.
«Ооганстанда узундугу 100 км болгон канал курду. Ал эми ошол каналдын ичинде 30-40% суу кумга сиңип кетет. Төмөндө биздин коңшулар: Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан нааразы боло баштайт, анткени аларга суунун 40% жетпейт, чоң көйгөйлөр башталат», – деди Эрбаев. Ал белгилегендей, бул маселелерди жакшы түшүнгөн бир гана адам бар – Алмазбек Сокеев.
Депутаттын пикиринде, бул кызматка эң «түшүнүктүү» эмес кызматкер дайындалышы мүмкүн.
«Бул жерде бардык жагдайды түшүнгөн, коңшу мамлекеттер менен сүйлөшө ала турган адам керек. Бул иштерди эң жакшы билген киши – Алмаз Сокеев», – деп кошумчалады ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.