Рамзан Кадыров 17 жаштагы баласын ИИМдин куратору кылып дайындады

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн 17 жаштагы уулу Адам Кадыровду Чечен Республикасынын ИИМинин куратору кылып дайындады. Бул тууралуу ведомствонун жыйынында маалымдалды, деп билдирет ГТРК «Вайнах».

Адам Кадыров бул кызматтагы алгачкы буйруктарын берди. Ал Чеченстандын ИИМинин өздүк коопсуздук оперативдик-издөө бөлүмүнүн жаңы жетекчисин дайындап, ошондой эле өзгөчөлөнгөн полиция кызматкерлерин сыйлады.
 
2023-жылы Адам Кадыров Чеченстандын башчысынын коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ошондой эле, 2023-жылдын октябрь айынан бери ал ондогон сыйлыктарды алган. Алардын арасында Чеченстандын Баатыры наамы, Карачаево-Черкесиянын «Кызматтары үчүн» ордени, «Умманын алдындагы эмгектери үчүн» I даражадагы ордени, Кабардино-Балкар Республикасынын «Кызматтары үчүн» ордени жана «Дуслык» ордени бар.
 
Мындан тышкары, 2024-жылдын август айында ал Кадыров ордени менен сыйланган. Быйыл февралдын аягында Адам Кадыровго Арабдык арбитраждык сотунун мөөнөтсүз мүчөлүк күбөлүгү тапшырылган. 2024-жылдын 29-апрелинен тартып В. В. Путин атындагы Орус атайын күчтөр университетинин куратору болуп саналат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз