Түштүк-Чыгыш Азиядагы зилзала: Мьянмада курман болгондордун саны 2886га жетти
Таиланддагы ураандыга айланган имарат
Мьянмадагы кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 2 886 адамга жетти, дагы 4 639 адам жабыркады. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы (CCTV) билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 373 адам дайынсыз жоголгондордун катарында.
Бангкоктогу жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 22ге жетти, дагы 72 адам дайынсыз жоголгондордун катарында. Thai PBS телеканалынын маалыматына караганда, борбордун түндүгүндөгү Чатучак районундагы 30 кабаттуу Башкы аудитору башкармалыгынын имараты урап түшкөн жерде издөө-куткаруу иштери уланууда.
Телеканалдын маалыматына ылайык, акыркы төрт күндүн ичинде урандылардын алдынан 15 куруучунун сөөгү табылган.
28-мартта Мьянмада магнитудасы 7,7 болгон жер титирөө катталган. Анын эпицентри өлкөнүн экинчи чоң шаары болгон Мандалайдын батышында жайгашкан. Жер титирөө коңшу Таиландга да таасирин тийгизген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.