Трамп бардык өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрү киргизилерин айтты. Арасында Кыргызстан да бар
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып, АКШга импорттолгон товарларга бажы тарифи катары бардык өлкөлөр үчүн 10% өлчөмүндө бажы төлөмдөрү киргизилерин жарыялады, деп билдирет Bloomberg.
Трамптын айтымында, АКШ ондогон жылдар бою башка өлкөлөр үчүн соода тоскоолдуктарын төмөндөтүп келген, ошол эле учурда бул өлкөлөр «биздин продукцияга чоң тарифтерди киргизип келген».
Сүйлөп жатып, ал бажы төлөмдөрүнүн тизмеси көрсөтүлгөн таблицаны көрсөттү. Ага ылайык, Вашингтон Евробиримдиктин товарларына 20% бажы төлөмүн, Кытайдын товарларына 34% бажы төлөмүн, Улуу Британиянын товарларына 10% бажы төлөмүн киргизүүдө.
Эң жогорку тарифтер Камбоджа (49%), Вьетнам (46%) жана Шри-Ланкага (44%) салынып жатат.
Ак үй жарыялаган тизмеде Россия, Беларусь, Мексика жана Канада жок.
Буга катар эле, тизмеде Борбор Азия мамлекеттери да бар. Жадыбалга ылайык, АКШ товарлары Казакстанда 54% бажы төлөмүнө дуушар болот, ал эми казакстандык товарлар АКШда 27% бажы төлөмүнө туш болот.
Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан АКШ товарларына 10% бажы төлөмүн киргизсе, АКШ да бул өлкөлөрдүн товарларына 10% бажы төлөмүн салууда.
Трамп мындай бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн түшүндүрүп жатып, АКШ өнөктөштөрүнүн Вашингтонго карата «адилетсиз тарифтерин» негизге алганын билдирди. Маселен, анын айтымында, Кытай АКШ товарларына 67% бажы төлөмүн салат, ошондуктан Вашингтон да Кытайдын товарларына 34% бажы төлөмүн киргизүүдө.
Ошондой эле, Трамп 3-апрелден тарта автоунаалардын импортуна 25% бажы төлөмү киргизиле турганын жарыялады. Бул тарифтерди ал март айынын аягында эле жарыялаган болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.