Мьянмада каза болгондордун саны 3 миңден ашты
Зилзаланын кесепетинен Мьянмада каза болгондордун саны 3000ден ашты, деп билдирди «Синьхуа» агенттиги.
«Мьянмадагы жаратылыш кырсыгынын натыйжасында 3003 адам каза болду, 4515 адам жаракат алды, дагы 351 киши дайынсыз жоголду», — деп айтылат билдирүүдө.
28-мартта Мьянмада 7,7 баллдык жер титирөө болду. Анын очогу Мандалай шаарынын батыш тарабында жайгашкан. Силкинүүлөрдү коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде Таиланддын да тургундары сезишти.
Dailynews маалымат булагынын айтымында, Бангкок шаарында каза болгондордун саны 22ге жетти. Дагы 34 киши жаракат алды. Шаарда курулуп жаткан 30 кабаттуу имарат урап түштү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.