Футболдун эрежелери өзгөрөт. Жаңы эреже кийинки сезондон баштап күчүнө кирет
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино жана атактуу машыктыруучу Арсен Венгер.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Эл аралык футбол ассоциациялар кеңеши (IFAB) футбол эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн тизмесин жарыялаган. Бул өзгөртүүлөр биринчи кезекте калыстардын ишине жана VAR - системасына таасирин тийгизет, бирок уюштуруу маселелери жана дарбазачылардын убактысын кечеңдетүү да четте калган жок.
Алар кандай өзгөрүүлөр?
-Дарбазачы топту колунда 8 секунддөн көп кармап турса — атаандаш команда бурч тобун тепкенге укук алат. Калыс акыркы 5 секундду санап, колун көтөрүп көрсөтөт. Эгерде дарбазачы белгиленген убакыттын ичинде топту кое бербесе, анда эң жакын бурчтан бурчтук топ дайындалат. Кайталанган эреже бузуу үчүн сары кагаз көрсөтүлөт;
-Калыс менен сүйлөшүүгө укуктуу жалгыз оюнчу — капитан. Турнирлер атайын эрежени киргизип, капитандан башка оюнчуларга калыска жакындаганга тыюу сала алышат. Калгандары четте турушу керек;
-Оюн токтогондо топ кимге берилет:
-Эгерде оюн айып аянтчасында токтосо — топ дарбазачыга кайтарылат;
-Эгерде айып аянтчасынан тышкары токтосо — топ акыркы ээлик кылган командага берилет;
-Эгерде ким акыркы болуп тийгенин так аныктоо мүмкүн болбосо, анда топ акыркы тийген оюнчунун командасына берилет;
-Бирок эгерде атаандаш команда топту көзөмөлгө алып үлгүргөн болсо, анда топ аларга берилет.
-Ююнчунун, машыктыруучунун же алмашууда отургандардын топко кокустуктан тийип кетүүсү катуу жазаланбайт. Эгерде топ талаадан чыгып баратканда кимдир бирөө аны кайра оюнга киргизип жиберсе, анда атаандаш командага эркин сокку берилет, бирок айып кагазы көрсөтүлбөйт. Мындай аракеттер атайылап, кайталанып жасалса катаал жаза колдонулат;
-Дарбазачынын колу менен узаткан тобундагы офсайд эрежеси такталды. Эми офсайд позициясы топко акыркы тийген учур боюнча аныкталат, биринчи тийген учур эмес. Бул өзгөртүү жаңылыш чечимдерди азайтууга жардам берет;
-VAR-менен чыгарылган чечимдер түшүнүктүүрөөк болот. Лигалар калыстарга видеону кайра кароо чечимдерин стадиондо, жандуу түрдө, америкалык футболдогу сыяктуу түшүндүрүүгө уруксат бере алышат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.