«Кальмар оюнунда» ойногон 80 жаштагы актер сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча соттолду

О Ен Су

«Кальмар оюну» сериалындагы 001-оюнчу О Иль Намдын ролун аткарган 80 жаштагы түштүк кореялык актер О Ён Су сексуалдык ыдык көрсөтүү айыбы боюнча бир жылга эркинен ажыратылды, деп кабарлайт The Daily Star.
 
Башында сот ага 8 ай шарттуу жаза чектеген, бирок кийин жазаны катаалдаштырды.
 
Сот 2017-жылы кесиптеш аялга карата эки жолу ыдык көрсөткөн деп актёрду күнөөлүү деп тапты. Айыптоо тарабынын версиясы боюнча, актёр актрисаны анын эркине каршы кучактап, өөп жиберген. Актёр өзү күнөөсүн моюнуна алган жок.
 
Сот отурумунда прокурорлор О Ён Суну 50 жылдык тажрыйбасы бар таанымал театр актеру катары сүрөттөп, анын жаш кесиптешине ыдык көрсөткөнүн айтышты. Айыптоо тарап жабырлануучу окуя болгон учурдан бери жумушта да, күнүмдүк жашоодо да коркуу сезими менен жашап келгенин баса белгилешти.
 
Актёрдун адвокаттары анын күнөөсүз экенин айтып, айыптоо жабырлануучунун гана сөздөрүнө негизделгенин, ал сөздөр так эместигин, ыраатсыз жана логикасыз экенин билдиришти.
 
Сотто сүйлөгөн сөзүндө О Ён Су бул кырдаалга байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
 
«Мындай куракта сот алдында туруш абдан кордук. Эгер мен туура эмес бир сөз айтсам же иш жасасам, жазаны кабыл алам. Бирок менин аракеттеримди зомбулукка теңөө туура эмес деп ойлойм», — деди ал.
 
Ошондой эле, эгерде анын «саксыз айткан сөздөрү же аракеттери бирөөгө кайгы алып келсе», анда ал муну үчүн өкүнөөрүн кошумчалады.
 
«Бир заматта 80 жылда кураган бүт нерсем урап түштү. Мен өзүмдү таптакыр бош сезип турам. Болгону өз ордума кайткым келет», — деди актер.
 
Коргоо тарабы өкүмгө даттануу арызын берген. Апелляция боюнча акыркы чечим 3-июнда чыгат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз