Кытай Трамптын жаңы тарифтик коркунучуна жооп катары "аягына чейин күрөшүүгө" убада берди

Кытайдын Соода министрлиги АКШ президенти Дональд Трамптын кытайлык импортко кошумча 50 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу коркутуусун жаңылыштык катары баалап, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн каршы чараларды көрөрүн билдирди, деп маалымдайт Xinhua агенттиги.

«Бул коркутуу АКШнын шантажга негизделген чыныгы жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Кытай муну эч качан кабыл албайт. Эгерде АКШ өз позициясында туруп алса, Кытай акырына чейин күрөшөт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
 
Пекиндин пикиринде, жаңы америкалык бажы төлөмдөрү «бир тараптуу коркутуунун типтүү мисалы» болуп эсептелет. «Басым жана коркутуу — Кытай менен иш жүргүзүүнүн туура жолу эмес», — деп кошумчалашты министрликтен жана АКШны соода согушун токтотууга чакырышты.
 
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Кытайды өз тарабынан киргизилген 34 пайыздык тарифтерден баш тартууга чакырган. Болбосо, АКШ Кытайдан импорттолгон товарларга кошумча 50 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин айткан. Бул кошумча 50 пайыздык төлөм мурда киргизилген 34 пайызга жана андан да мурда коюлган 20 пайыздык төлөмгө кошулат. Натыйжада, Кытай үчүн жалпы тарифтин көлөмү 100 пайыздан ашып кетиши мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз